Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Фото — Бишкек—Торугарт жолунда эки жүк ташуучу унаа кагышып, бирөөсү өрттөнүп кетти

Turmush -  Бишкек—Торугарт унаа жолунун 240-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 11-июлда эртең менен саат 08:00 чамасында «Вольво» жана «Ман» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен «Вольво» автоунаасы күйүп кеткен. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерде Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Вольво» унаасы Кытай Республикасынан Бишкекке товар жүктөп бараткан, ал эми «Ман» унаасы Бишкектен курулуш товарларын жүктөп Нарынга бара жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3152
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×