Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 11.07.2018 11:30

Фото — Кадамжайда айыл өкмөттүн бир тууганы салып жаткан курулушка айрым тургундар нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 11-июлда Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында бир нече адам айыл өкмөт башчысынын иниси жүргүзүп жаткан курулуш иштерге нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алардын айтымында, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун бир тууган иниси суунун боюна үй, ажаткана куруп жатканына нааразы. Андыктан курулушту токтотууну талап кылып жатышат. Нааразы болгондордун арасында Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаттары да бар.

«Айыл өкмөт башчысынын бир тууганы учурда Кызыл-Булак айылынын Даш тилкесинде жолду тосуп, үй салууда. Ичүүчү таза суу кетүүчү арыктын боюна ажаткана куруп алган. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр бүгүн нааразы болуп чогулдук. Азыр аймактык тескөөчү, Мамкаттоонун өкүлдөрү келип, бул курулуштун канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин текшерүүдө. Биз бул арыктан суу ичебиз, андыктан арыктын боюна ажаткана куруу акылга сыйбагандык. Жолду бууп үй салып жатканы элди тоготпогондукка жатууда. Бизди үйдүн ээси укпай жатат», - деди алар.

Ал эми Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов бул тууралуу кабары жок экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×