Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Казакстандан качкан ишкер 500 доллар төлөп, Кыргызстанга сууну кечип өткөн

Turmush -  Токмок шаардык соту Казакстандын жараны Станиславга (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишти карады. Айыпталуучу Казакстандагы «Л.» компаниясынын коммерциялык директору, деп айтылат соттун токтомунда.

Айыпталуучу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн жардамы менен көзөмөл пункттан тышкаркы жерден мамлекеттик чек арадан өтүүгө мүмкүн боло турган аймакты билген. Анын негизинде 2018-жылдын 3-мартында Кордай районундагы Сартөбе айылынын аймагынан «Токмок унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан тышкары аймактан Токмок шаарынын аймагына өткөн.

Ал эми айыпталуучунун айтымында, ал көп суммадагы карызына байланыштуу Казакстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынган. Буга байланыштуу Кыргызстан аркылуу Россияга барып, иштеп акча табууну көздөгөн. Ал эми ага жардам берген чек ара кызматкерлери сууну кечип өтүп, Кыргызстандын аймагына өтүүгө боло турганын айтышкан. Бул кызмат үчүн аларга 500 доллар төлөгөн. Токмок шаарына жеткенден кийин мейманканага жайгашып, ал жерден көп узабай колго түшүрүлгөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгына таянган сот Казакстандагы компаниянын коммерциялык директоруна 10 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2901
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×