Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Мекендештер: Түркияда акысыз окуп жаткан Медербек стипендиясына ата-энесин чет өлкөдө эс алдырып, чакан бизнес түптөдү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Медербек Жаанбаев. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Тойчу айылында туулган. Учурда Түркиянын Адана шаарындагы университетте магистратурада молекулярдык генетика боюнча билим алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, ал университетте коомдук иштерге активдүү катышып, 4 долбоордун жетекчиси болгон.

«Мен орто мектепти аяктап, 2011-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айыл чарба факультетине бюджетке окууга өттүм. 1 жыл түрк тилин үйрөнүп, 4 жыл өз кесибим болгон агрономияны окудум. Жакшы окугандыктан ай сайын 1500 сом стипендия алып калдым. 2015-жылы 2-семестрде Түркиянын Анталия шаарындагы Акдеңиз университетине «Мевлана» программасынын алкагында келип окуп, күнөсканада көчөт өстүрүү боюнча тажрыйба алып кеткем.

Анталияда мугалимдер жана студенттерди чоң автобустар менен узак жерлерге акысыз алып барып, жаш айыл чарба адистерин ошол кесипке кызыктырышат экен. 2016-жылы кайра 4-курсумду Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде уланттым. Ошол эле 2015-2016-жылдары университетте «Агропрогресс» аттуу айыл чарбасын өнүктүрүү клубун түзүп чыктык. Мен клубдун жетекчиси жана түзүүчүсү болдум.

Мындан тышкары, ийгиликтин башаты таза рух жана билим менен болоорун ойлоп, «Рух азыгы — китеп» программасын түзүп чыктым. Анда ар бир жумада 1 китепти 15 студент окуп, ошол китеп боюнча 20 суроо камтылган тест жазышчу. Ошого туура жооп бергенине белек берчүбүз. Ошол эле жылы AGRO INTELLECT аталышындагы 3-долбоорубуз да болду. Бул агро жана жалпы логикалык суроолор менен абдан кызыктуу оюн болчу. Ал эми 4-долбоор катары "Агростан" (АГРО жана КыргызСТАН) деген ат менен сайт ачтык. Бардык долбоорлордун жетекчиси мен болдум. Клубда мага жардам берген кыз-жигиттер бар эле. Биригип семинар өткөрдүк, аграномдорду атайын чакырчубуз. Калган убакытта автобуска отуруп алып, ошол ишкердин күнөсканасына, өндүргөн жерлерине барып кыдырып, тажрыйба топтоп жүрдүк. Ошентип 2016-жылы TÜRKİYE SCHOLARSHIPS аталышындагы программага катышып, магистратурага акысыз окууга жолдомо алдым. Учакка билет, тамак-аш, жашаган жер, медициналык камсыздандыруу жана шаарда автобус менен жүрүүгө акысыз билеттер камтылган. Мындан тышкары, ай сайын 950 лира (17 000 сом) стипендия алып турам», - деди ал.

Анын айтымында, Түркияда жүрүп кээде улуттук тамак-аштарды сагынат.

«Түрк эли меймандос келет. Биз боордош калк болгондуктан бизге болгон мамилелери жакшы. Ошондой эле либералдуу көз караштагы адамдар көп экенин байкадым. Мисалы, 30, 35, 40 жаштагы адамдар окуп, иштеп анан үйлөнөм же турмушка чыгам дешип, кеч үй-бүлө курушат же болбосо жалгыз өтүүнү тандашат экен.

Кыргызстанда биз тамакты дайыма эт менен жасап жесек, бул жакта эт тартыш жана кымбат. Келгенден бери этти тойгондой жей элекмин, себеби 1 кг эттин баасы биздин акча менен 1200 сомду түзөт. Мындан улам кээде улуттук тамак-аштарды сагынган күндөр болот», - деди ал.

М.Жаанбаев стипендиясын чогултуп, ата-энесин эс алдырган.

«Буга чейин Анталияда алган 500 лира (10 000 сом) стипендиямды үнөмдөп, 2016-жылы Бишкекте күнөскана жана өтмөк курдум. Барын өз колум менен жасадым. 2017-жылы май айында апамдын туулган күнүнө карата атам менен апамды Түркияга эс алууга чакырдым. Стипендиямды чогултуп, ата-энеме Стамбул жана Анталия шаарынын маданиятын көрсөттүм. Ата-энем үчүн бул биринчи саякаттоо болду жана алардын сүйүнгөнүн көрүп, мен абдан кубандым.

Мындан тышкары каникул сайын айылга барып, окуучуларга оюн-зоок уюштурам, аларды шыктандырууга аракет кылам. Мугалимдер менен кеңешип, бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоо боюнча маалымат берип келебиз.

Мен быйыл магистратураны бүтүп жатам, бирок кайра эле стипендия менен докторантурага өттүм. Август айында үйлөнүүнү пландап жатам, андан кийин окуумду кайрадан улантам.

Бош убактымда ыр жазганды жактырам, спорттун дзюдо, таэквандо түрлөрү менен машыгам. Келечектеги максаттарымдын баары кагазга жазылуу, алардын бир нечеси ишке ашты. Эң негизги максаттарымдын бири илим менен алектенип, Кыргызстан үчүн пайдалуу инсан болуу», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12269
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×