Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Бишкек 11.07.2018 09:06

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эстелик тургузулат

Turmush -  Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эстелик тургузулат. Бул тууралуу 10-июлда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамай тегин айтты.

Анын билдиргенине караганда, скульптор Тургунбай Садыковго таандык эмгек Улуттук филармониянын алдына тургузулат.

«Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдүн бирине чоң атамдын ысымын берүүнү сунуштап жатышат. Ошондой эле Ош шаарындагы мектептердин бирин Жусуп Мамай деп атоону туура көрүшүүдө. Бирок манасчынын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө тууралуу али өкмөттүк деңгээлде чечим чыга элек», - деди Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамай тегин.

Ал буга чейин Жусуп Мамай атындагы фонд түзүлгөнүн жана аны жакында эле укканын, ал тууралуу маалыматтары жок экенин кошумчалады.

«Биз буга чейин атамдын атында фонд ачууну демилгелеп жатканбыз, бирок эмнегедир фонд бар экени белгилүү болду. Бирок ал фонд тууралуу атамдын 2 баласы, урпак, тууган-уруктары билбейт. Негизи бизден уруксат сурап коюш керек беле? Ал фонд кандай максатта ачылганын билген жокпуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×