Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын айыптагандар кадамжайлыктар эмес, - айыл өкмөт

Turmush -  Бүгүн, 10-июлда АКИпресс-Ошто Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн арызданып маалымат жыйын өткөргөн Роза Маманова менен Гапыр Нурбаев Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары эмес. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн юристи Халим Ахмедов билдирди.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлбахор Маматованын айтымында, маалымат жыйын берген Роза Маманова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, Кызыл-Кыя шаардык соту 3 жылга шарттуу эркинен ажыраткан.

«М.Назиржанов ижарага алган жери боюнча 2005-жылы Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган токтом 2015-жылы жокко чыгарылган. Ал жер элге жер тилке катары берилген. Ал эми бүгүн маалымат жыйын курган Назиржановдон башкасы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө тиешеси жок. Алар Кадамжай районунун тургундары эмес. Алардын жалпы айыл өкмөт тарабынан сүйлөгөнгө кандай акысы бар? Ошодуктан орган кызматкерлери да бул маселени тең карашын суранабыз», - деди Маматова.

Окуя тууралуу:

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн арыздангандар бүгүн, 10-июлда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушуп, мыйзамсыз иштер үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Алар Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетиши керек деген пикирде.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Ахмаджон Абдурахманов жер маселеси боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктап, мыйзамсыз жерге байланыштуу өзүнүн күнөөсү жок экенин айткан болчу.

Маалымат жыйынга келген активист Роза Маманованын пикиринде, кылмыш иш козголгону үчүн айыл өкмөт башчысы кызматынан убактылуу четтеши керек.

«Бир топ маселелер боюнча арызданганбыз. Баткен облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Бирок кызматынан четтетилген жок», - деген Роза Маманова.

Ал эми айыл өкмөт башчынын бир тууган жездеси М.Назиржанов иштетип жаткан жерин А.Абдырахманов сатып жиберген деп күнөөлөгөн.

«Бизге айтпай, жерди сатып жиберди. Ал жерде мөмө-жемиштердин түрүн өстүрчү элек. Тиешелүү органдар иликтеп, чара көрүшү керек», - деген М.Назиржанов.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кызматтан четтетүү боюнча кат келбегенин билдирген.

«Бизге айыл өкмөт башчыны кызматтан четтетүү боюнча расмий кат келген жок. Укук коргоо органдарынан же соттон кат келсе четтетүүгө негиз бар. Бирок кат келген жок», - деген район акими.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджон Абдурахмановдун айтымында, кылмыш иш өзүнө эмес, фактынын негизинде козголгон.

«Менин бир тууган жездем М.Назиржанов Боз участкасынан 2 гектар 80 сотых жерди ижарага алып иштетип келген. 2015-жылы ижара мөөнөтү бүткөн. 2016-жылы айылдык кеңештин жана атайын комиссиянын чечими менен жерге муктаж адамдарга аталган жерди бөлүп бергенбиз. Жалпы 36 адамга жер берилген.

Ал эми ижарага иштетип жаткан жерди трансформациялоо боюнча токтом 2013-жылы эле чыккан. Биз анын ижара мөөнөтү бүтүшүн күттүк. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок», - деген А.Абдурахманов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×