Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуНарын району 10.07.2018 16:05

Нарындын Кайыңды питомнигиндеги 2,5 га жер менчикке өтүп кеткен, - Мамэкотехинспекция (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл өкмөтүнүн башчысы менен Нарын токой чарбасынын жетекчилигинин келише албагандыгынан жыйырма жылдан ашык Нарын аймагынын элин көчөт менен камсыз кылып келген Кайыңды питомнигиндеги 2,5 га токой көчөттөрү баскан аянт жеке адамдын колуна өтүп кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча башкармалыктын Нарын району боюнча башкы испектору Рудбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, аталган Кайыңды питомнигиндеги 2,5 га токой көчөттөрү баскан аянт жеке адамдын колуна 5 жылдык мөөнөткө өтүп кеткендигинен сырткары бир топ мыйзам бузуулар катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×