Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: 76 жаштагы Анара апаны «Айыл банк» деп аташкан ак элечек энелердин жашоосу (фото)

Turmush -  Москва районунда «Ак-Суунун ак элечек айымдары» этнофольклордук тобунун уюшулганына 14 жыл болду. Учурда анын курамындагы 12 айым айлык маяна албай, өз демилгелери менен элине маданий азык тартуулап келишет. Аталган топтон аймактык кабарчы кабар алды.

Аталган топ райондо маданият үйү жок болгондуктан айрым учурларда музыкалык мектепке топтолушса, көпчүлүк мезгилде топтун мүчөлөрү Асылкан менен Гүлжан апалардын үйлөрүндө даярданышат. Үй ээлери да көнүп калышкан. Өздөрү чай коюп, тамак да жасашат. Бири суу ташыса, экинчиси очокко от жагат.

76 жаштагы Анара Батырбекованы «Айыл банк» деп атап алышкан. Андан каалаган учурда күндөлүк керектөөгө карызга акча сурашса «жок» дебейт. Топтун курамынын кызыкчылыгы үчүн акчасын аябайт.

Өнөр ээлеринин алгачкы кадамдарын 73 жаштагы Бейшегүл Жолдошева: «Райондо тээ 1960-жылдары заңгыраган маданият үйү болгон. Убагында анын куттуу сахнасында белгилүү адамдар өнөрүн тартуулаган. Эстебес Турсуналиев, Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева жана башкалар кол чабууларга бөлөнгөн. Анан союз тарап кетти. Маданият үйү “тоңду”. Барып көрсөңөр... Кайран гана залкарлар баскан жолдор. Терезелери сынып, кара кулпу кайтарып, райондун борборундагы эс алуучу паркка жашынып, элден уялып, бетин бак-дарактар менен жаап алган. Бүгүн чатыры чымчыктардын мекени. Айланасы таштандыга толгон. Арга жок, карап туруп айлаң куруп, арман кыласың.

Муңдуу музыкасын ойногон маданият үйүн көргөн сайын ак элечек айымдардын алгачкы уюшулганы эсиме түшөт. 2004-жылдын кыш айлары эле. Туугандык карым-катнаш иретинде Муслим Сагынбаев байкебиздикине барып калдык. Ал киши кесиби куруучу болгону менен комузда кол ойнотуп, мукамдуу үнү менен аба жарчу. Муюп укчубуз. Биз да ырдачубуз. Бир толкуп, деңиздей чайпалып алат элек, чиркин! Бир убакта Муслим байке ушул идеяны айтты. “Элдик ырларды унутпайлы. Биздин башат ошондо. Жүрөктүн ачкычы — ыр” деди. Ал ойдун түндүгүн көтөрдүк.

Алгач Гүлжан Нарынова, Бурул Карагулова, Мөмөгүл Кутманалиева, кийин Сурмакан, Асылкан болуп топту түптөдүк. Эсимде, ошондо Москва районун Кемелбек Аширалиев жетектеп турган. Тартынбадык, ал кишиге кирип, оюбузду айттык. Дароо колдоп кетти. “Кыргыз хорлорун, элдик ырларды ырдайлы” деди ал. 6 түстө жубу менен атайын форма да тиктирип берди. Ошентип, жуп 6 түстөгү кийим менен 12 айым эл алдына 2005-жылдын 7-мартында чыкканбыз. “Оп майда”, “Ой тобо”, “Жагалмай”, “Шырылдаң” жана башка элдик ырларды жаңырттык. 2006-жылы “Элдик ансамбль” наамына ээ болдук. Республикалык “Эл ичи — өнөр кенчи”, эл аралык “Соң-Көлдү Манас жердеген” фестивалына катыштык. Байгелүү орундарды багындырдык», - деп эскерди.

Топтун мүчөлөрү маданият үйүн деле унутушкан. Чогула турган күндү билишсе эле Асылкан, Гүлжан апалар тосуп алат. Эч кимге арызданышпайт деле. Кадимкидей жумасына 2 жолу топтолушат. Үйдөгүлөр аларды «жумушка кетти» деп коюшат. Дарегин билишет, бирок айтышпайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×