Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ИИМдин ардагерлери акысыз медициналык кароодон өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында министрдин демилгеси менен ИИМдин медицина кызматынын базасында 10 орунга ылайыкталган бейтапкана ачуу аракети көрүлүп, капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев май айында иш сапары менен облустагы район-шаарларга барып, ИИМдин ардагерлери менен да жолугушкан. Алар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн медициналык жардамга муктаж экендигин билдиришкен. Ардагерлердин өтүнүчүн орундатуу үчүн 6 айда 1-2 жолу акысыз алдын ала медициналык кароодон өткөрүп туруу убадаланган.

Буга чейин ОИИБдин медицина кызматы өздүк курамды 6 айда бир жолу толук кароодон өткөрүп келишсе, учурда алар жер-жерлерге барып, өздүк курам менен бирге эс алууга чыккан ардагерлерди да акысыз медициналык кароодон өткөрүп жатышат.

ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча медицина кызматынын амбулатория бөлүмүнүн башчысы, дарыгер Эмил Амираевдин айтымында, ардагерлерге медициналык кеңештерди берүү менен комплекстүү кароо жүргүзүлүп, УЗИ менен ички органдары каралып, кандын курамындагы канттын көлөмү, кан басымы текшерилди. Ошондой эле бардык анализдер алынып, алдын ала жыйынтыктар менен диспансердик каттоого алынууда.

Медицина кызматы адистер менен бирге тиешелүү жабдыктар, дары-дармек менен камсыздалып, учурда Токтогул, Кара-Көл шаарларында кароо жүргүзүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×