Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.07.2018 12:58 Жаңыланды: 19.07.2018 12:34

Айыл турмушу: Ак-суулук багбан Б.Осмонов карагаттын жаңы сортторун өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Бектур Осмонов 15 сотых жерге карагат өстүрүү менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин жергиликтүү карагаттын сортторун өстүрүп келсе, 5 жылдан бери долбоорлор аркылуу Алтай, Польшадан алынган карагаттарды өстүрүп жатат.

«Карагат өстүргөнүбүзгө көп жыл болду. 2013-жылдан тарта Польшадан, Алтайдан долбоорлор аркылуу көчөттөрдү алдык. Аларды жакшы сугарып багуу керек. Тамчылатып да сугарууга болот. Түбүн жумшартып, жер семирткичтерди сээп турса жакшы өсөт. Карагаттар тиккенден кийин 3-4-жылы мол түшүм берип баштайт. Аны отургузуп жатканда 2-3 көчөттү бир жерге топтоштуруп отургузуу керек», - деди ал.

Бектур Осмонов карагатты бир жыл баккандан кийин экинчи жылы сатыкка чыгарат. Ал быйыл карагаттын көчөттөрүн 5 миң сомго саткан.

«15 гана сотых жерге карагаттын көчөттөрүн отургузгам. Алар дүң баада сатылса 50 сомдон башталат. Бир түп көчөт 70 сомго бааланып, Ысык-Көлдүн аба ырайында жакшы өсүп, түшүмү мол болот. Карагаттарга суроо-талап көп болгондуктан келечекте карагат өстүргөн аянтты кеңейтүү пландарым бар», - дейт багбан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×