Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ош облусу 10.07.2018 19:10

Ошто мыйзамсыз атылган жаныбарлардын эти зоопаркка берилди (сүрөт)

Turmush -  Ошто мыйзамсыз атылган жаныбарлардын этин зоопаркка өткөрүп беришти. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директорунун орун басары Турат Сатимбаев билдирди.

«Мыйзамсыз атылган жаныбарлардын, канаттуулардын этин комиссия менен биргеликте Оштогу зоопаркка алып барып тапшырдык. Алардын арасында жапайы камандын, тоо текенин, эликтин, өрдөктүн, коёндун жана көгүчкөндүн эти бар. Бул жаныбарлардын эти райондук соттордун чечимдеринин негизинде конфискацияланып, жараксыз, желбей турган абалга келгендиктен жаныбарларга берилүүдө», - деди Т.Сатимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×