Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 10.07.2018 11:45 На русском

Шаар көйгөйү: Баткенде талапка жооп бербеген ажатканалар саратанда сасып жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы ажатканалардын талапка жооп бербегендиги жана андан чыккан жагымсыз жыт жакын жашаган тургундарга, аны менен катар эле соодагерлерге ыңгайсыздык жаратары бир нече убакыттан бери айтылып келе жатат.

30 жылдан бери Баткендин борбордук базарында соода кылган Чынара Амираеванын айтымында, базардагы жалгыз ажаткана санитардык талаптарга жооп бербейт.

«30 жылдан бери ушул базарда соода кылам. Бул жерде жалгыз ажаткана бар. Мында шарт жок, санитардык талаптарга жооп бербейт. Суу жок, жыты базардын бардык жерине жетет. Күн ысыкта чыдап туруу мүмкүн эмес. «Жаңы ажаткана кургула» деп базар жетекчилигине бир нече жолу айттык. Жыйынтык жок», - деди ал.

Баткен базарынын ажатканасы сыяктуу эле шаардын ичиндеги бардык ажатканаларда шарттар каралбай, санитардык талаптар аткарылган эмес.

«Башка шаарлардагы ажатканаларда суу чыгып жыттанбайт. Бизде санитардык талапка жооп берген бир да ажаткана жок. Коомдук жайларда мен билген 4 ажаткана бар. Күн ысыганда жыттанып турат. Сырттан келгендерге уят. Шарт жоктугуна карабай 10 сом деп коюшат. Акчасына жараша тазалыкты сакташса болот. Шаар жетекчилиги деле ушуну карап койсо болот. Чынында элдер аргасыз киришет», - деди шаар тургуну Мастура Базарбаева.

Шаар ичиндеги ажатканалар, ага жакын жашаган тургундарга да ыңгайсыздык жаратат.

«Андан чыккан жагымсыз жытка чыдоо мүмкүн болбой калды. Ажаткана жеке менчик болгондуктан көйгөйдү ээлерине да айтканбыз. Чечилбей турат. Үйүбүз ушул жерде, жакын болгондуктан жагымсыз жыт бизге чейин жетет. Сыртта эле эмес үйдүн ичине чейин кирет. Күн ысыганда кыйын. Тийиштүү кызматтар, келип санитардык абалын карап жаптырып же шарттарын оңдотушса жакшы болмок», - деди шаар тургуну Касиет Көкчөева.

Аталган ажатканалар жеке менчик болгондуктан алар шаарда канализация жоктугун жүйөө кылып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×