Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Азия оюндарына жолдомо алган кыргызстандык 4 спортчу мелдешке катышпай калышы мүмкүн (фото)

Turmush -  Кыргызстандык 4 спортчу ушул жылдын 18-августунда Индонезиядагы Азия оюндарына катышат. Алар спорттун пенчак-силат түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бекболсун Советбеков билдирди.

«Ниязова Михринсага, Калназарова Толгонайга, Карыбаев Нуралыга, Замир уулу Шабданга жардам керек. Аталган спортчулар акыркы 4 жылдын ичинде бардык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишти. Бир канча жолу дүйнө чемпионатына да катышышкан. Эми Азия оюндарына барып, күчтөрүн сынаганы турушат. Бирок алар каражат маселесинин айынан барбай калууcу да мүмкүн. Учурда аталган мамлекетке барууга билеттин баасы 1020 долларды түзүүдө. Бул баа күндөн-күнгө көтөрүлүп бара жатат. Биздин спортчу жаштарды колдоп, алардын чет өлкөлөрдө Кыргызстандын желегин желбиретип, намысыбызды коргоп келишине жардам берүүчүлөр болсо жакшы болот эле», - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар 0702 446 605 номуруна чала алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×