Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусуКара-Суу району 10.07.2018 10:09 На русском

Кара-Сууда тосмону сүзгөн унаа талкаланып, айдоочусу көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу—Отуз-Адыр автоунаа жолунун 18-чакырымында 1975-жылы туулган О.Х. өзүнүн «Ваз 2107» үлгүсүндөгү автоунаасынын рулун башкара албай, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерде каза болду.

Анын жүргүнчүсү — 46 жаштагы М.Д. денесинен жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилгенин Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан кабарлашты. Учурда бул иш боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Адам өмүрүн алган кырсык 8-июль күнү саат 07:45 чамасында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×