Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 10.07.2018 09:51 Жаңыланды: 08.09.2018 17:36 На русском

Айыл турмушу: Баткендик уста О.Аманбаев айыл чарбага керектүү чакан тракторлорду жасады (фото)

Turmush -  Баткен районунун Жаш-Тилек айылынын тургуну Олжобай Аманбаев 1 күндө бир нече кишинин ишин кылып, жер айдап, өсүмдүктөрдүн түбүн жумшартып туруучу шайман жасады. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

«Киши жалдаганга каражат керек. Бул техниканын дөңгөлөгү мотоциклдики. Балдарым жаш, жер иштеткенде жардамчы жок. Анан ушуну ойлоп таптым. Бул үнөмдүү, 1 күндө 3 литр бензин сарптайт. Саатына 20 сотых жердеги эгиндин астын жумшартып чыгууга жетишет», - деди ал.

Анын бул шайманы азыр аз болсо да киреше алып келе баштады.

«1 сотых жерди 30 сомдон чаап берип жатам. Тиричиликке бир аз каражат чыгып жатат. Ишти жасардан мурда оңой жолун ойлоп көрүш керек. Жерди чабыш керек деп эле эртеден кечке кетмен менен ура бербей, башка жолдорун да карап көрүш керек. Бизде азыр күнөсканалар көбөйүп жатат. Эми ошол күнөсканалардын ичин айдап, иштете турган чакан трактор керек. Азыр ошону жасайын деп анча-мынча тетиктерин таап койгом. Бизде күнөсканада помидор, лимон, калемпир өстүргөндөр көп. Күзгө эми ошол чакан тракторду жасайм деп турам», - деди уста.

Каарманыбыз буга катар эле өрүктүн данегин чагып жана 10-15 киши туурай турган сабизди 1 мүнөттө туурап коюучу шайман ойлоп тапкан. Үйдөгү кампасындагы жумушунан тышкаркы убактысынын көбүн жол жээгиндеги атайын унааларды оңдоочу жайында өткөрөт.

«Менин иш ордум жолдун боюндагы устаканам. Бул жерде ар кандай металлдардан трактордун шаймандарын жасайбыз. Бош убакыт табыш кыйын. Элде техника көп. Ошолордун арасынан убакыт табыла калганда мындай буюмдарды жасайбыз. Бул жерде жаңгакты тазалай турган буюм жасалган. Бизде жер жаңгак көп болот. Мында өрүктүн данегин чага турган буюм бар. Өрүктүн данегин бир жагынан бункерге салат, ичиндеги шайман сөөгүн сындырып, данекти ажыратып берет.

Көмүрдүн майдасы менен жыгач таарындысын, картон кагазды аралаштырып брикет (отун) жасайбыз. Аны жаккан мешти керексиз буюмдарды топтоп эле кураштырып койгонбуз. Устаканабызда иштетилип чыккан мотор майлары көп болот. Ошол майларды жакчу меш. Буга 5 литр иштелип бүткөн майды куюп койсок 8 саатка жетет. Устаканабыз жылуу болот.

Азыр унаа кырсыктан улам буту баспай калган адам үчүн кол араба да жасап жатам. Сатып алса 20-22 миң сом турат экен. Ага акысыз жасап берем. Эки жагына шайтан арабанын дөңгөлөгү коюлат», - деди уста.

Айылдаштарынын айтымында, устанын колунан келбегени жок.

«Темирге өтө кызыгуусу чоң. Ошентип жүрүп чоң уста болуп калды. Билими 9-класстык болгону менен ой жүгүртүүсү университет, академияны бүткөндөй эле. Колунан келбеген иш жок. Айылдагы жеңил унааларды, айыл чарба техникаларын, жүк ташыган унааларды оңдойт. Барынын иши түшүп турат. Ар бир жасаган буюму да жакшы иштейт. Эгер СССР болгондо, жогорку окуу жайда окуганда ойлоп тапкан эмгектери үчүн акча алып эле отурмак», - деди айылдашы Кайратбек Сейтмуратов.

Уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×