Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 10.07.2018 09:42

Аламүдүндөгү көлмөдөн жаш жигиттин денеси табылды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Ленин айылында жайгашкан көлмөдөн жаш жигиттин денесин алып чыгышты. ӨКМ билдиргендей, кечээ, 9-июль күнү саат 18:37 чамасында 1994-жылы туулган Ы.М. көлмөгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 20:30да ӨКМдин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жансыз денени таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×