Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.07.2018 08:57

Ак-Суу районунда диний түшүнүктөрдөн 168 адам эмдөөгө каршы болууда

Turmush -  Ак-Суу районунда диний түшүнүктөрдөн 168 адам эмдөөгө каршы болгон. Бул тууралуу Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, райондо медицина кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитеттери тарабынан жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабастан быйылкы медициналык эмдөөдөн өтүүгө 168 адам каршы болгон. Мындай адамдар Кара-Жал, Теплоключенка, Октябрь, Ак-Булуң жана Тепке айыл аймактарында басымдуу болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×