Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Ош облусунда 250 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты

Turmush -  Ош облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайын эмдетүүдөн 250 ата-эне баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук эмдөө борборунун башчысы Булбул Үмөтова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө ымыркайды аба аркылуу жугуучу 10 оорудан сактайт.

«Бул көйгөй акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймагында болуп жатат. Быйыл жыл башынан бери, тактап айтканда 5 айдын ичинде Ош облусу боюнча 250 жаран балдарын эмдетүүдөн баш тартышты. Биз энелерден эмне себептен баш тартып жатканын сураганыбызда жолдошу макул болбой жатканын айтышты. Учурда интернет аркылуу түрдүү маалыматтар тарагандыктан диний көз караштагы аталар балдарын эмдетпей жатышат. Биз жыл сайын атайын жумалыктарды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул боюнча массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана дин өкүлдөрү менен биргеликте талкууга катышып жатабыз. Эмдөө менен бала аба аркылуу жугуучу 10 оорудан алыс болот. Балдар үчүн эмдетүүгө толук шарттар түзүлгөн. Буга карабай айрым ата-энелер туура эмес түшүнүп жатышат. Ымыркайын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелерге түшүнүк кат жаздырып алабыз», - деди Б.Үмөтова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×