Ысык-Көлдө кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, 3 адам ооруканага түштү (фото)
Turmush - Ысык-Көл районунун Корумду айылында эки «Мерседес-Бенц» унаасынын катышуусундагы жол кырсыктан 16 адам жабыркады.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, кечээ, 8-июлда саат 15:00 чамасында Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 101-чакырымында Ак-Суу районунун 1987-жылы туулган тургуну О.Адилеттин башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» менен Кара-Ой айылынын 1953-жылы туулган тургуну А.Казыбектин башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 600» унаасы кагылышкан. Кичи автобус батыштан чыгыш тарапка бара жаткан. Жол кырсыктан жабыркаган жеңил унаанын айдоочусу Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.
Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жол кырсыктан кийин кичи автобустун ичиндеги 15 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алар:
- Ак-Суу районунун 1943-жылы туулган тургуну А.Акен, ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган. Оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды;
- Бишкек шаарынын 2010-жылы туулган тургуну К.Жазайым, жеңил жаракат алган;
- Ак-Суу районунун 1980-жылы туулган тургуну К.Элнура, жеңил жаракат алган;
- Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну Э.Гүлбара, жеңил жаракат алган;
- Бишкек шаарынын 1957-жылы туулган туругун А.Жумакан, жеңил жаракат алган;
- Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну К.Дилбара, бутунан жеңил жаракат алган;
- Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.Алтынай, жеңил жаракат алган;
- Бишкек шаарынын 1974-жылы туулган тургуну Э.Рита, мурунунан жаракат алаган;
- Ак-Суу районунун 1985-жылы туулган тургун А.Кенжегул, баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган;
- Ак-Суу районунун 2017-жылы туулган тургуну К.Нурхан, жеңил жаракат алган;
- Ак-Суу районунун 1982-жылы туулган тургуну М.Жазгул, бутунан жеңил жаракат алган;
- Каракол шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Махабат, жеңил жаракат алган.
- Ак-Суу районунун 1973-жылы туулган тургуну А.Махабат, жеңил жаракат алган;
- Ысык-көл районунун 1974-жылы туулган тургуну У.Кенжебек, жото жилиги сынган;
- Ысык-Көл районунун 1974-жылы туулган тургуну У.Динара, баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган.
14 жабырлануучуга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, жол кырсык фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Кийинчерээк Turmush басылмасына Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, аталган жол кырсыктан жабыркаган 3 адам ооруканага жаткырылган. Алар — 1943-жылы туулган А.Акен, 1985-жылы туулган А.Кенжегул жана 1953-жылы туулган А.Казыбек. Ал эми калган жүргүнчүлөр, тактап айтканда 11 адам эч кандай жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган тез жардам кызматынын кызматкерлери кичи автобустагы жүргүнчүлөрдүн баарынын аты-жөнүн жазып алган.