Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 09.07.2018 15:03

Айыл турмушу: Кол өнөрчү, ооз комузчу, ырчы Сурмакан Байызбекованын элеттеги жашоосу (фото)

Turmush -  Москва районунун Ак-Суу айылынын 64 жаштагы тургуну Сурмакан Байызбекова кол өнөрчүлүк менен алектенип, темир ооз комузда күү чертип, сахнада обон созот. Көп кырдуу талант ээси менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, таенеси Дөрөжан, апасы Мариякан чебер адамдар болушкан. Алардан таалим-тарбия алып, кездеме бетине тартылган сүрөттөргө сайма түшүргөн. Кол өнөрчүлүк менен кошо ооз комуз чертүүнү да үйрөнгөн.

«Эми телчигип, ак-караны аңдай баштаганымда апам каза болду. Ал учурда жаш болуп, чарчоону билчү эмесмин. Айылда кайдагы завод-фабрика? Курулушта да иштедим, кыскасы тыным жок. Кайда жүрсөм апамдын элеси көз алдымда. Кадимкидей курак курап отурат. Анын "шашылба, бул жумуш көп убакытты талап кылат" деген сөзү кулагыма жаңырат. Өзгөчө чакан бөлмөдө илинип турган куржунду көргөндө... Бул таенемден калган белек, тебериги, мурасы эле. Өз колу менен бүтүргөн. Бир күнү кайненем "тиги кошунанын келини курак курайт экен. Сен деле билсең керек, тегиңде бар го" деди. Ошол учурдан бери, ийне, жип, төшөк жана башкалар колумдан түшпөйт», - деди ал.

Сурмакан Байызбекова: «Кыз узатуу каадасында апамдын "ак шумкар бердим таптап ал, ак учук бердим саптап ал" деген насаат сөздөрү денемди бойлоп өткөн. Кээде кубанам, кээде куса болом. Ырдап, арманымды айткым келет. Бир жолу ордо калаада чоң майрам болгон. Өнөр адамдары андайдан калбайт эмеспи. Барып, аябай ырдадык. Жеке ырчылар обон созушуп, эми гана хорду ырдап бүткөнбүз. Бир убакта Майрамбек Осмонов "Сурмакан эже, бир кадам алдыга чыксаңыз" деди. Алдыга чыксам, "сиз эмнеге жеке ырдаган жоксуз? Убагында эжебиз Шахра Талипова менен бирге ырдаган. Сиз ырдабаганда бир бутактын шагы сынып калгандай болду. Бут тосуулар качан калат? Маданиятка да маданияттуу мамиле керек да" деп кейиген эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×