Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.07.2018 14:09

Жети-өгүздүк окуучулар Дубайдагы менталдык арифметика боюнча сынактан байгелүү кайтышты (фото)

Turmush -  Дубай шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча сынакка барган жети-өгүздүк окуучулар акчалай сыйлык менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мугалимдер билдиришти.

Алардын айтымында, «GAM-2018» аталышындагы сынакка 15 өлкөнүн окуучулары катышты. Жети-Өгүз районунан жалпы 27 окуучу барып, алардын ичинен 22си ийгиликке жетишкен. Сынакка катышкан Азимбек Токтоказиев 1-орунду багындырып, 500 доллар менен сыйланды. Ал эми Диара Токтосунова 350 долларга ээ болсо, Тунук Жумабекова ырдап эсеп чыгарып, атайын кубокту багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×