Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусу 09.07.2018 11:37 На русском

Видео — Түштүк Эңилчек мөңгүсүндөгү куткаруу операциясында тик учак кулап, 4 адам жабыркады

Turmush -  Бүгүн, 9-июлда Түштүк Эңилчек мөңгүсүндөгү куткаруу операциясы учурунда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы кырсыкка кабылды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдиргендей, катуу шамалдан улам тик учак конуп жаткан учурда сол капталы менен кулаган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады.

Учурда жабырлануучуларды эвакуациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

(Сүрөттөр 2018-жылдын июнь айында тартылган болчу)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×