Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Видео — Ысык-Көлгө иш сапары менен барган премьер-министрдин кортежи

Turmush -  Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 7-8-июль күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.

Маалым болгондой, премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Өкмөт башчы аймактын объекттеринин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын, «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык «Семеновка-Григорьевка» унаа жолунун курулушун текшерди. Ошондой эле «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жайкы туристтик мезгилде меймандарды кабыл алууга даярдыгын көрүп келди.

Мындан тышкары ал Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары, Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарбанын жана Жеңиш айылындагы «Жанаалы» фермердик чарбасынын ишмердиги менен таанышып, Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы мектепке барды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2351
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×