Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.07.2018 09:26

Ак-Талаада алдыңкы медицина кызматкерлери сыйланды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дарыгерлердин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, аларга сыйлык тапшырылганын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 6-июль күнү маданият үйүндө медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарага аким Нурбек Молдокадыров, орун басары Кенжегүл Карагулова, аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова жана башкалар катышып, куттукташты.

Андан соң кесип ээлерине Нарын облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райондук администрациянын, санитардык-эпидемилогоиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык оорукананын, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аялдар кеңешинин, Кыргызстан аялдар конгрессинин ардак грамоталары, баалуу белектери жана ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин төш белгилери жана ардак грамоталары тапшырылды.

Кесип ээлерине маданият үйүнүн өнөрпоздорунун чакан концерти тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×