Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Сүрөт: Алгачкы жолу Ош облусунун кол күрөш боюнча биринчилиги өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 7-июль күнү Ош шаарында алгачкы жолу кол күрөш боюнча Ош облусунун ачык биринчилиги башталды. Облустун көл күрөш федерациясынын жетекчиси Абдыгапар Бобуловдун айтымында, бул мелдешке Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынан күчтүүлөр келген.

Мелдеште 60 кг салмактан жогорку жалпы 40тан ашуун спортчу күч сынашат.

«Көл күрөш мелдеши Ош облусунда биринчи ирет уюштурулуп жаткандыктан медаль, диплом жана акчалай белектер менен сыйлоого гана жетишип жатабыз. Буюрса кийинки мелдештерде байге фонддун суммасын көбүрөөк кылабыз», - деди А.Бобулов.

Мелдеште жеңүүчү болгондор медаль жана дипломдор менен сыйланышат. Ошондой эле өз салмагында 1-орунду ээлегендерге 2 миң сом, 2-орундун ээлерине 1000 сом жана 3-орунга татыгандарга 700 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Ош облусунун көл күрөш федерациясы 2018-жылдын башында иштеп баштаган. Биринчилик бүгүн жыйынтыкталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 761
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×