Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 07.07.2018 11:14

Кастамону шаарынын биринчи вице-мэри жана Кастамону университетинин ректору Бишкекте активист жаштар менен жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарында Түркия Республикасынан келген делегация менен Кыргыз Республикасынын жаштар уюмдарынын, жаш ишкерлердин, коомдук активисттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Эки тараптуу жолугушуу 5-июлда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында уюштурулган.

Бул иш-чарага Түркия тараптан Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын, Кастамону шаарынын биринчи вице-мэри Ахмет Севгилиоглу жана аталган университеттин окутуучусу, теология илимдеринин доктору Кудрет Артыкбаев катышты, деп билдирди иш-чараны уюштурган «Kyrgyz Youth – Кыргызстан жаштары» эл аралык клубунун түзүүчүсү Мырзахит Мырзаев.

Жолугушууда кыргыз жаштарынын Түркия Республикасында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, жаштар уюмдары менен кызматташууга макулдашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында 2018-жылы Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кастамону университети менен Кыргызстандын Мамлекеттик башкаруу академиясы илимий конференция өткөрүү чечимин кабыл алышты. Андан сырткары «Көчмөн-Nomad» фондуна Кастамону университети тараптан эски Орхон-Энесай түрк жазууларын жайылтуу жана үйрөтүү жаатында иштешүү сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×