Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык дарыгер Азамат Дүйшөналиев сокур ичеги деп келген бейтаптын ичинен тиш тазалагыч алып чыккан (фото)

Turmush -  Дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн нарындык уролог-дарыгер Азамат Дүйшөналиев 20 жашынан бери бул тармакта кызмат кылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Азамат Дүйшөналиев 1979-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Өзүнүн айтымында, ата-энеси да дарыгерлер.

Алгач Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектепти бүтүп, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып баштаган. Ошол учурда келинчеги Бактыгүл Темирканова менен таанышып, 2004-жылы баш кошушкан. Кесиптеш түгөйлөр учурда 2 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

«Бир туугандарым үйлөнүп-жайланышкан. Жогорку окуу жайды 2004-жылы бүтүрүп, 2 жылдык ординатураны улуттук хирургиялык борбордо өтөдүм. Ошол убакта ата-энем Нарында иштеп жаткан эле. Мен дагы Нарында иштейм деп келдим. 2007-жылдын январь айынан бери жандандыруу, хирургия бөлүмүндө иштеп, 5 жылдан кийин урология бөлүмүнө келдим. Эсептеп көрсөм бул бөлүмгө келгениме 6 жылдай болуп калыптыр. 2 жылдан бери бөлүм башчынын милдетин аткарам.

Биз Нарынга жаңы келгенде дарыгерлер жетишпей, бардык бөлүмдөрдө иштедик. Жандандыруу бөлүмүндө иштеп жүрүп наркоз сайганды, жеңил сыныктарды түздөгөндү, хирургияда иштеп жүрүп көп операция жасаганды үйрөндүк. Жумуш аркылуу Японияга барып келдик. Күнүмдүк жашообуз медицина менен өтөт, андыктан бул биздин жашообуз. Урология бөлүмүнө көбүнчө эркектер кайрылышат, себеби алар көйгөйүн көп айтпай жүрө беришет», - деди дарыгер.

Уролог адис студент кезинде эле окуу менен жумушту айкалыштырган.

«Мен 2-курсту аяктап калган кезимде Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын травматология бөлүмүндө медициналык кызматкер болуп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк окуп жүрүп эле жандандыруу бөлүмүндө иштедим», - деп кошумчалады.

Ары түйшүктүү, ары кызыктуу кесипти аркалап келе жаткан адис операция убагындагы кызыктуу окуялар жөнүндө айтып берди.

«Таң калган окуялар көп болот. Бир жолу хирургиядан бейтапка сокур ичеги деп операция жасадык. Көрсө ал сокур ичеги эмес, ичке ичегисин тиш тазалагыч (тиш чукугуч таякча) тешип кетиптир. Ошону алып чыкканбыз. Көбүнчө наркоз убагында кызыктуу окуялар болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19812
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×