Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 06.07.2018 15:18

Кыргыз бийлеринин тарых-таржымалы, ыкмалары жазылган китеп жарык көрдү (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 5-июлда Бишкек шаарында А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата манасчынын чөбөрөсү Турганаалы Турсунаалы уулунун кыргыз бийине арналган «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» аталышындагы китебинин бет ачаары болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, китепте Кытайдагы керме-тоолук кыргыздар менен ала-тоолук кыргыздардын арасынан топтолгон 19 бийдин элементтери жазылган. Анда кыргыз бийлеринин кыймылдарынын түзүлүшү, аталышы, бийлөө ыкмалары менен үйрөнүү тартиби, окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү камтылган.

Бет ачаарга чыгармачыл, илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, бий ышкыбоздору келип өз ойлорун ортого салса, Бейжин улуттук университетинин профессорлору өз куттуктоолорун жиберишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө Турганаалы Турсунаалы уулу КРдин президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.

Турганаалы Турсунаалы уулу: «Буга чейин татар улутундагы Роберт Уразгильдеев деген автор балет жана башка бийлер боюнча жазган экен. Анда кыргыз улуттук бийлери тууралуу учкай гана кеп болгон. Бирок кандай болгон күндө да ал баалуу эмгек. Мен болсо бул китепке буга чейин өтө сейрек болуп келген бир топ маалыматтарды киргиздим. Мисалы, улуттук кыргыз көөнө бийинин он тогуз түрүнө кайрылып, таржымалын, бийлөө ыкмаларын камтыдым. Бул китеп "Буга чейин кыргызда бий болгонбу же болгон эмеспи?" деген талаштуу суроого жооп берет. Ушунусу менен өзгөчө десем болот», - деди.

Китептин басылып чыгышына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети демөөрчүлүк кылып, аталган окуу жайдын окумуштуулары илимий талдоодон өткөргөн. Китеп сапаттуу сүрөттөр менен басылып, 500 нускада чыккан. Китепти чыгарууга кол кабыш кылган топ китепти чет өлкөлүк окурмандарга жеткирүүнүн жол-жобосун издеп жатат. Алар алдыдагы көчмөндөр оюндары буга абдан жакшы шарт түзүп берет деп ишенишет.

«Бул китеп китепканада эле калып калбашы керек. Дүйнөлүк масштабга чыгышы зарыл. Демек, китеп кыргыз тилинде эле калып калбай англис, орус тилдеринде болууга тийиш. Бий аркылуу биз дүйнөгө кыргыздын көп кырын көрсөтө алабыз. Бийи, улуттук кийими, философиясы сыяктуу дагы көп тарабын айтсак болот. Убагында көчмөндөр оюндары өтөт, ал көчмөндөрдүн олимпиадасы болот десе көптөр ишенген эмес. Азыр мына дүңгүрөп үчүнчү жолу өткөнү турат. Кыргыз бийин башкалар да бийлейт десе ишенбегендер болушу мүмкүн. Бирок бул бийди дүйнөлүк сахнага чыгарууга болот», - деди кытайлык кыргыз кызы Женни Жеңиш.

Бул китептин бет ачаарын Ош шаарында да өткөрүү пландалууда.

Улуттук бий тууралуу талашка азыр да толук чекит коюла элек. Архивде калган видео тасмага караганда, 1920-жылдары эле Каркырада өткөн жармаңкеде орто жаштагы кыргыз киши комуз күүсүнө чеберчилик менен бийлеген. Мунун өзү көп талаштарга чекит койгондой болгон. Кыргыз бийи тууралуу дагы бир кызыктуу маалымат 1930-жылдарда жазылып калган. Ал окуя Ленин менен Сталиндин үзөңгүлөшү болгон Николай Бухарин Кыргыз АССРине өргүүгө келген учурда болгон. Анда атайын уюшулган адабий кечээде кыргыз улуттук бийинин болгон-болбогону тууралуу талкуу башталып калат. Айрымдар Бухаринге кыргыз бийи болгон эместигин, аны жаңыдан үйрөтүп жаткандыгын айтышат. Буга Бухарин да анчейин ынанбайт. Дал ошол учурда адабий кечээге катышып отурган Кыргыз АССР эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Баялы Исакеев кыргыздын улуттук бийи байыртан бар экенин, ал түгүл канга сиңгенин айтып, өзү созолонто ырдап, ыргагына бийлеп да берген экен. Бийдин ийкемдүү, чебер аткарылганына Бухарин да кол чаап, ыраазы болгонун ошол жыйынга катышкандар эскерип жазганы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×