Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жаңы мыйзамдагы кошумча жоопкерчиликтер (өзгөртүүсүз жарыяланат):

— гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө аны менен байланышкан маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

— шашылыш маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе.

Мыйзам административдик жоопкерчиликти күчөтүү максатында жана жеке жактар менен жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпысынан гидрометеорология маселелерин камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды кыскартууга багытталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×