Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуАлай району 07.07.2018 20:55 На русском

Айыл турмушу: 23 жаштагы Айчолпон Алайдын алыскы айылында окуучуларга сабак берип, шырдак жасоого да жетишет

Turmush -  Алай районундагы алыскы Нура айылынын 23 жаштагы тургуну Айчолпон Шамырбек кызы мугалимдик кесиптен сырткары үйдө чеберчилик менен алектенет. Кол өнөрчүлүктү кичине кезинен үйрөнгөн Айчолпон учурда шырдактардын түрүн жасаган тажрыйбага ээ болуп калды. Анын айтымында, шырдак даяр болгуча көптөгөн түйшүктүү жумуштарды жасоого туура келет.

«Менин апам чебер болгондуктан бул өнөр тукумдан өттү десем болот. Апамдын жасаган ишин көрүп жүрүп, кол өнөрчүлүктү өздөштүрдүм. Ал эми шырдак жасоо оңой иш эмес.

Алгач койдун жүнүн кыркып, жууп, андан кийин тытып, сабайбыз. Андаң соң кийиз кылып боёк кошпой жасап алабыз. Кийиз бышык болушу үчүн казанга салып кайнатабыз. Даяр болгон кийиз шырдактын кооздугун чыгаруу үчүн боёлот. Адатта биз 2 кийизди бир жасап, оюм түшүрөбүз. Ал эми эки кийизден эки шырдак жасалып, анын бири ак кийиз болсо, экинчиси кызыл түстө болот.

Кийинки кадамда кийизге оюм түшүрүп, беттештиребиз. Андан соң бириктирип тигип чыгабыз. Бир кийизди бүтүрүү үчүн эң аз дегенде 1 ай убакыт керектелет. Мен өзүм жалгыз бул иштерди аткара албайм. Мага апам, жеңемдер жардам беришет», - деди кол өнөрчү.

Айчолпон Ысакбек Мону атындагы орто мектепте тарыхчы мугалим болуп эмгектенип, чеберчилик менен бош убактысында гана алектене турганын кошумчалады.

«Мен өзүм билим алган мектепте мугалим болуп иштеп жатам. Эки жумушка жетишүү оңой эмес. Биздин жасаган шырдактарыбыз туугандардан эле ашпайт. Бир шырдак 15 миң сомдон башталып, баасы көлөмүнө жараша бычылат», - деп кошумчалады.

Ошондой эле Айчолпон өзү жасаган шырдактарды райондо, облуста өткөн көргөзмөлөргө алып чыгууга жетишет. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси, агасы жана 2 иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×