Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.07.2018 13:48 Жаңыланды: 06.07.2018 15:47

Айыл турмушу: Эс алууга чыккан жети-өгүздүк дарыгер Ж.Көбөкова айылдаштарына өзгөчө белек тартуулоодо (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын 64 жаштагы тургуну Жумагүл Көбөкова апасынан калган кол өнөрчүлүктү улантып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Жумагүл Көбөкова Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында туулган. 1973-жылы Каракол шаарындагы И.Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайын бүтүрүп, 30 жылдан ашуун медицина тармагында эмгектенген. Эс алууга чыккан соң апасынын жана кайын энесинин жолун жолдоп, кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаган.

Өзүнүн айтымында, анын апасы белгилүү уз болгон. Ал айыл элине тон тигип, кийиз, шырдактарды жасачу. Апасына жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн. Учурда кийиз, шырдак жасагандан тышкары, паннолордун түрүн жасап келет. Эмгектерин ал сатыкка койбостон, белек катары тартуулайт.

Жумагүл Көбөкова өзүн кийим тигип же токуп алгандан тышкары кошуна, туугандарына да топу токуп берет. Учурда көчмөндөрдүн образын чагылдырган сүрөттөрдү жасоого даярданып жатат.

Кийиз жана шырдактарды сол колу менен жасаган кол өнөрчүнүн эмгектерин жолдошу Окен Көбөков да жогору баалайт. Мындан тышкары ал кол өнөрчүлүктү кошуналарана, кыз-келиндерге үйрөтүп келет.

Жубайлардын 3 уулу, 1 кызы, 10 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×