Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Айыл турмушу: Саяпкер О.Маамытов атты бир карап эле артыкчылыгын же кемчилигин айтып берет (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургуну Оболбек Маамытов 44 жылдан бери ат таптап келет. Атты сыртынан көрүп, сырын билген саяпкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Оболбек Маамытов 1947-жылы Эмгекчил айылында төрөлгөн. Ал 4-класста окуп жүргөндө эле ат чаап баштаган. Андан кийин бул өнөрүн өркүндөтүп, өзү саяпкер болуп, шакирттерди да даярдаган. Бүгүнкү күнгө чейин ага аттарын сынатып кеткендер четтен чыгат.

«Атымды Оболбек деп атам койгон. Себеби илгери бугу уруусунда Оболбок деген мүнүшкөр болгон экен. Атам мени да мүнүшкөр болсун деп ойлосо керек. Бирок мен саяпкер болуп калдым. Мектепти бүткөн соң Бишкектеги айыл-чарба институтунда билим алдым. 1970-жылы Кара-Кужур айылында зоотехник, андан кийин бригадир, башкарма, ошондой эле саяпкер болуп ат майданда иштеп жүрдүм. Учурда бутум ооруганына байланыштуу үйдөгү жумуштарды жасап, жер-суу кыдырып, кеп-сөз билген адамдарды издеп, тарыхый окуяларды жазам. Өзүм улуттук салтты жакшы билип, аны даңазалайм», - деди ал.

Ат таптоонун сырын өздөштүргөн саяпкерди аттарды сынатуу үчүн чакырышат.

«4-классымдан бери ат чаптым. Атты таптоонун көп сыры бар. Ат чапкан бала оор басырыктуу, акылдуу болуп, мактанчаак болбошу керек. Азыр аттын кебетесин бир карап туруп эле эмнеси кем же артык экендигин айтып берем. Ат чабышта жарышып бара жатканда кайсы жерде таш, аң, чыла бар экендигин эсиме сактап калчумун. Учурда үйүр жылкым бар. Башка жактардан аттарын сынатуу үчүн көп чакырышат. Аттын кандай экенин бир карап эле билип коем», - деди саяпкер.

Ал үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыз жана 7 небереси бар.

Оболбек Маамытов
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×