Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу 06.07.2018 08:52

Чүйлүк спортчулар Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатышат (фото)

Turmush -  Чүйлүк спортчулар Россиянын Орёл шаарында өтө турган дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатка Ысык-Көлдүн жээгинде даярданып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Кайрат Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, спортчулар 13-июлга чейин Балыкчы шаарында тандоо турунан өтүшөт.

«Чүй облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы Ысык-Көлгө 20 спортчуну 10 күнгө жөнөттү. Ар бир райондон 3-4 спортчу бар. 13-июлга чейин самбо боюнча Балыкчы шаарында мектеп окуучуларынын арасында тандоо туру өтөт. Тандоо турунан өткөндөр 23-28-август күндөрү Орёл шаарында өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Учурда көлдүн жээгинде машыгууларды өткөрүүдөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×