Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баракелде

Президент С.Жээнбеков өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Turmush -  Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июлда билдирди.

Экономика илимдеринин кандидаты Б.Жээнбаева (1960-жылы төрөлгөн) республикалык «Адилет» партиясынын тең төрайымы. Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасы жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген экономист» наамынын ээси.

Б.Жеенбаева 2011-2015-жылдары Кыргызстандын Улуттук банкынын төргасынын орун басары болгон. Ал эми 2015-2016-жылдары «Мамлекеттик» ипотекалык компания ААКтын башкармалыгынын төрайымы болуп эмгектенген. 2016-жылы «Айыл Банк» ААКтын башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3285
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×