Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу 05.07.2018 23:38

Караколдук дзюдочулар Азия кубогу үчүн өткөн ачык биринчиликте 2 медаль тагынышты (фото)

Turmush -  Караколдук дзюдочулар Азия кубогу үчүн өткөн ачык биринчиликте байгелүү орундарды багындырышты. Бул тууралуу «Кодокан» спорт клубунун башкы машыктыруучусу Елена Исакова билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 21-24-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн. Анда караколдук спортчулар 1 күмүш, 1 коло медаль жеңип алышты. Дзюдочу Шахида Нармухамедова 70 кг салмактагылар арасында беттешип, финалда казак балбанына жеңилип калды. Ал буга чейинки беттештерде өзбекстандык жана зимбабвелик дзюдочуларды жеңип алган болчу. Жыйынтыгында Ш.Нармухамедова күмүш медалга татыктуу болду.

Ал эми Равшан Асанов 55 кг салмактагылар арасында мелдешке түшүп, төртүнчү беттеште өзбекстандык балбанга жеңилди. Ал биринчи беттеште өзбек, экинчи беттеште тажик балбанын утуп алган болчу. Спортчу мелдештин жыйынтыгында коло медаль тагынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×