Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.07.2018 16:08 На русском

Ак-талаалык Ханзаада сулуулар сынагында таажы тагынып, Кытайга акысыз билим алууга жолдомо алды (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 18 жаштагы тургуну Ханзаада Замирбекова Бишкек шаарындагы «Кытай таануу сулуусу-2018» сынагынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ханзаада Замирбекова 2000-жылы 30-июнда Баетов айылында туулган. Ал Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине окууга өткөн. Ханзаада айылдын ардагери Замирбек Өмүркулов менен Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер Курманбүбү Исаманбетованын эң кичүү кызы.

Ханзаада буга чейин Соң-Көлдө өткөн «Манас, маданият жана туризм» республикалык фестивалында «Курманбек» дастанынан үзүндү айтып, 1-орунду ээлеген. Ушул жерге өлкөнүн чыгаан модельерлери келип, кийимдердин көргөзмөсүн уюштурушкан. Анда аларга Ханзааданын келбети, баскан-турганы жагып, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кыргыз аялзатына келиштирип тигилген жаңы модалуу кийимдерин кийип чыгууну өтүнүшкөн. Ханзаада макулдугун берип, көлдөгү Кырчын жайлоосуна алардын чакыруусу менен барган. Кийин Ханзааданын ошол кийимдер менен түшкөн сүрөттөрү Бишкек шаарынын ар кайсы жерине илинген.

Бишкекте кытай тилин үйрөнүүчүлөр арасында уюштурулган университеттер аралык «Кытай таануу сулуусу-2018» сынагы өтүп, ага Х.Замирбекова да өзүн сынап көрүү максатында катышып, жыйынтыгында жеңүүчү аталган. Ал бул сынактан Кытайдын Хайнань аралында бир жыл акысыз окууга сертификат, баалуу таштар менен кооздолуп колго жасалган таажыга ээ болгон.

«Бул сынакты интернеттеги жарнамалардан улам билдим. Кытай тилин окугандыктан мен дагы катышып көрүүнү чечтим. Мурда мындай сулуулар сынагына катышып көрбөгөндүктөн, алгач коркуу сезимдери болду. Бирок мен аны жеңдим. Анткени, дайыма мага ишенген адамдардын колдоосу башынан күчтүү болгон. Алар мага дем берип, өзүмө болгон ишеничимди мындан да арттырды. Буга чейин ыр боюнча сынактарга катышып келгендигим мага топтолгон тажрыйба болуптур. Биз төрт этап боюнча күч сынаштык. Атаандаштарым аябай ачык-айрым, таланттуу кыздар болду. Даярдык учурунда бири-бирибизге курбудай эле болуп калдык. Бул сынакка кастинг аркылуу өткөндөн кийин, бир айдан ашык убакыт даярдандык. Бул мезгил аралыгында достошууга, бири-бирибизди жакындан билүүгө үлгүрдүк. Ар бир кыз кайталангыс сулуу эмеспи. Бирок буйрук экен, жеңишке мен жеттим. Алдыга койгон тилек-максаттарым абдан көп. Эң биринчи максатым — Кытайга барып окуп келүү, билимимди тереңдетүү», - деди Ханзаада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×