Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.07.2018 09:08 На русском

Оштогу сармерден алайлыктардын жеңиши менен аяктады (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында Алай району менен Өзгөн районунун таланттары сармерденде беттешип, Алай району жеңишке жетишти. Сармердендин жүрүшүндө эки райондун таланттары 6 баскычта күч сынашты, деп билдирди кабарчы.

Атаандаштар саламдашуу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, акыйнек, макал айтышуу, хор ырдоо боюнча тапшырмаларды аткарышып, жыйынтыгында Алай районунун таланттары 364 упай топтоду. Бул мүмкүнчүлүк финалдык баскычка жолдомо берет. Ал эми Өзгөн району 359 упайга ээ болду. Алар буга чейин Кара-Кулжа районунун таланттарын жеңип чыгышкан эле.

Жакында Чоң-Алай району менен Араван районунун өкүлдөрү таймашып, андан женген команда финалда алайлык таланттар менен күч сынашат.

3-июлда сармерден башталганга чейин Алай районунун өкүлдөрү Ош улуттук драма театрынын алдына 2 боз үй тигип, көргөзмө уюштурган.

Райондун тургундары көргөзмөгө кылым бою сакталып келе жаткан 10дон ашуун жаныбардын терисин, айтылуу Арзыкан сулуунун колунан жаралган саймаларды, XVIII кылымдан бери сакталып келе жаткан зер буюмдарды, эркектердин 61 түрдүү кийимин, ал эми аялдарга таандык болгон баш кийимдин, улуттук кийимдердин 102 түрүн алып келишкен. Бул тууралуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнөн келген Чолпон Шамырбекова кабарчыга билдирди. Ал көргөзмөгө 10дон ашуун жаныбардын терилерин алып чыкты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×