Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

«Эмаком» — Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында көп кабаттуу заманбап турак жайларды куруучу компания

Turmush -  «Эмаком холдинг» курулуш компаниясы 2017-жылы негизделген. Негизги максаты — Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө салым кошуу жана элге сапаттуу, ыңгайлуу, Кыргызстандын рыногундагы суроо-талап жогору болгон турак жайларды долбоорлоо жана куруп берүү. Азыркы учурда компаниянын кызматкерлери Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында көп кабаттуу заманбап турак жайларды куруп жатышат.

Компания жеке күчтөргө, мүмкүнчүлүктөргө, күч-кубатына жана тажрыйбага таянат. Ошондой эле дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу жаңы технологияларды пайдалануу жана өндүрүштү жогорулатууга багытталган. Компания жаңы объектилердин курулушун долбоорлоо менен келечектеги күчтүү атаандаштыктагы кыймылсыз мүлк рыногун жандандыруу жана кардарлардын талабын эмгектин баасына жараша максималдуу сапат менен аткаруу аракетин көрөт.

Ал эми «Эмаком Холдинг» объектилерди куруу технологиясын Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жана баардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүп, текшерүүлөрдөн өткөн, Россия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө өндүрүлгөн эл аралык стандарттагы экологиялык таза курулуш каражаттарын гана колдонот. Ошондой эле кардарларга, компания курган кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуучуларга ишеним, экологиялык таза каражаттардын пайдаланылышы жана ыңгайлуу шарттарга кепилдик берилет.

Ыңгайлуу шарттар, коопсуздук жана ишенимдүү кадыр-барк — ишкердүүлүктөгү негизги принцип. «Эмаком Холдинг» компаниясын кардарлар объекттердин ынгайлуу жайгашкан ордуна, брендге болгон ишенимге, курулган комплекстердин сапатына жана ыңгайлуу архитектуралык долбоорлор үчүн тандашат. Акынын жеткиликтүү, ыңгайлуу шарттарда төлөнүшү жана кыймылсыз мүлккө ээ болуунун альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдүн сунушталышы дагы компаниянын кардарларына жакшы шарттарды түзүп, алардын санын арттырууда.

«Эмаком» курган ар бир объект архитектуралык кооздугу, уникалдуу инновациялар жана өзгөчөлөнгөн жеке стили менен айырмаланып турат.

«Эмаком»

Курулушта колдонулган негизги принциптер:

- Кирпичтен курулган үйлөр: «Эмаком холдинг» компаниясынын баардык объектилери кирпичтен курулуп, дубалдар бөлмөнүн ичинде жагымдуу микроклимат түзөт. Бул турак жайды көпкө колдонууга жана ишенимдүүлүккө жол ачат;

- Үй ичине ашыкча дабыштарды киргизбей, тынчтыкты сактайт;

- Үйлөрдө жаан-чачындан сактоочу терезелер, курулуш каражаттары пайдаланылат;

- Инфраструктураны өнүктүрүү. «Эмаком холдинг» компаниясынын ар бир объектисинде подъезддер жана унаалар токтоочу жайлар ыңгайлуу жолдо жайгашат;

- Коопсуздук. «Эмаком холдинг» коопсуздукту камсыздоо максатында жогорку деңгээлдеги күзөт кызматын көрсөтүп, күн-түн видеокамера аркылуу видеобайкоо жүргүзүлөт;

- Индивидуалдык кооздоо иштери. «Эмаком холдинг» батирлердин долбоорун түзүүнүн ыңгайлуу системасын колдонуп, дайыма тандоого мүмкүнчүлүк түзөт;

- Ички инженерия. Объектилерде жылытуу системасы, вентиляция, канализация, интернет байланышы, желдетүүчү жабдуулар жана телефон болот.

«Уркуя Салиева» турак жайы

«Уркуя Салиева» турак жайы Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда курулуп жатат. Бул район шаардын четинде жайгашкандыктан экологияык жактан таза аймак. Турак жайга жакын Ак-Буура дарыясы агып өтөт, ошондой эле 2 мектеп, 2 бала бакчанын имараттары турак жайдын жанында жайгашкан. Манас-Ата кичи районунда тургундарга кызмат көрсөтүүчү эмкана, дарыкана, «Семетей» кинотеатры, «Кудайберди» унаа базары, 500 м аралыктагы балдар ооруканасы, Ош юридикалык институту, «Мухаммед Умар» спорт комплекси, соода борборлору жана кафе-ресторандар жайгашкан.

«Уркуя Салиева» турак жайы 9 кабаттан туруп, 1-2-3-бөлмөлүүү батирлер бар. Ал эми 1-кабатында соода борбор ачылат.

Турак жайдагы шарттар:

- Автоунааларды токтотуучу жайлар;

- Подъезддерге кирүү электрондук чип-ачкычтар аркылуу;

- «Disney» балдар аянтчасы;

- Кайтарууга алынган аймак;

- Короосундагы жер тилкелер көрктөндүрүлөт;

- Видео байкоо;

- Борбордук жылытуу системасы, ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу;

- Газ жана лифт;

- Автоматтык желдетүү системасы.

«Сулайман-Тоо» турак жай комплекси

«Сулайман-Тоо» турак жай комплекси — жогорку класстагы курулуш, эң кооз көрүнүш, абсолюттук ыңгайлуу шарт жана жашоочулар үчүн коопсуздук үчүн кепилдик. 7 кабаттуу, классикалык стилдеги элиталык турак жай Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бул үй курулуш тармагындагы эң акыркы заманбап технология менен курулат. Ошондой эле комплекстеги түнкү жарык берүүчү заманбап жабдуулар эффективдүү орнотулат.

Оштун борборундагы «Сулайман-Тоо» турак жай комплексинен элиталык, заманбап батир алууга шашылыңыздар. Баардык кардарларга ыңгайлуу инфраструктура жана акысын төлөөдөгү ыңгайлуу шарттар каралган. Чарчы метрдин баасы — 500 доллардан жогору, акысын бөлүп төлөө пайызсыз. Ошондой эле автоунаага, кыймылсыз мүлккө алмаштыруу жолдору бар.

«Мурас Ордо» турак жай комплекси

Жаңы долбоор көптөгөн кардарлардын сунушу менен башталган. Жаңы комплекс Ош шаарынын таза абасы жана абанын орточо нымдуулугу менен айырмаланган Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Шакиров көчөсүндө жайгашат.

Бул комплекс дагы бир катар өзгөчөлүктөргө ээ: ички жана тышкы инфраструктурасы өнүккөн ыңгайлуу орун, жашылдандырылган аймак. Ошондой эле кирпичтен курулган 12 кабаттуу турак жайдын аймагын, балдар ойноочу аянтчаларды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган. Жашоочулардын коноктору үчүн автоунаалар токтоочу жай, жер алдындагы паркинг да бар.

Шаардын баардык аймагына тез жетүү мүмкүнчүлүгү бар аймакта жайгашкан көп кабаттуу үйдөн батир алуучуларга 3 жылга чейинки пайызсыз жеңилдиктер каралган.

Андагы шарттар:

- ысык жана муздак суу;

- газ жана электр жарыгы менен борбордук коммуникация аркылуу камсыздоо;

- көпкө кызмат кылуучу желим терезелер;

- санариптик телефон жана интернет байланышы, кабелдик телекөрсөтүүлөр;

- заманбап домофондор;

- 24 саат бою видеокамера аркылуу көзөмөл;

- жалпы батирлердин саны — 100;

- жер төлөдөгү унаа токтоочу жай 28 орундуу;

- 1 бөлмөлүү батир 41 кв. м.;

- 2 бөлмөлүү батир 57 кв. м., 63 кв. м. жана 66 кв. м.;

- 3 бөлмөлүү батир 91 кв. м.

«Абшыр-Ата» турак жай комплекси

«Абшыр-Ата» турак жай комплекси Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы 1-кичи райондо жайгашкан. Анын жанында № 2 мектеп, №70 лицей, эмкана, дарыкана, медициналык колледж, «Айбек» базары, соода борборлор, дүкөндөр жана 500 м аралыкта шаардык оорукана бар.

«Абшыр-Ата» турак жай комплексиндеги шарттар:

- ыңгайлуу жашылдандырылган аймак;

- индивидуалдуу пландоо;

- Россия менен Түркияда өндүрүлгөн жогорку сапаттагы курулуш каражаттары;

- желдетүүчү автоматтык система;

- өрттөн сактануу системасы;

- күзөт үчүн заманбап видеобайкоочу жабдыктар;

- жогорку ылдамдыктагы интернет кызматы;

- борбордук жылуулук системасы, ысык жана муздак суу, газ;

- лифттер, домофон жана чип-ачкычтар;

- ар бир кабатта эс алуу аянтчасы.

- декоративдүү керамогранит;

- жер алдындагы автопаркинг;

- балдар ойноочу аянтча.

«Эмаком холдинг» курулуш компаниясынын кеңсеси Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн №25 дарегинде жайгашкан («Алыш» спорт комплекси тарапта).

Байланыш үчүн телефон номурлар:

- 0775 44 22 44;

- 0551 44 22 44;

- 0771 44 22 44;

- 0700 44 22 44.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1360
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×