Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Погончон айым: Майор Т.Алманбетова жаш кадрларды тарбиялап, бир нече сыйлыктын ээси болду (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун ага тескөөчүсү, милициянын майору Толгонай Алманбетова ички иштер органдарында 15 жылдан бери эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Т.Алманбетова 1980-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Апасы чабан, атасы эсепчи болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, иниси мугалим, эжеси медицина кызматкери.

«1998-жылы мектепти аяктагандан кийин ИИМдин Э.Аалиев атындагы Академиясына тапшырып, лейтенант наамын алып чыктым. Эмгек жолумду Ат-Башы РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болуу менен баштадым. Андан кийин улук тескөөчү болуп 9 жыл бою балдар менен иштештим. 2012-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө психолог болуп эмгектендим. 2013-жылы Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө келип, 2015-2016-жылдары опер кызматкери болдум. Андан кийин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болуп 2 ай иштеген соң ага тескөөчү болдум. Мындан сырткары 2010-жылы түзүлгөн милиция айымдардын ассоциациясынын жана Нарын шаарында аялдар кеңешинин мүчөсүмүн», - деди ал.

Көптөгөн жаш кадрларды тарбиялоого жана шакирттерди даярдоого жетишкен погончон айымдын ак эмгегинин акыбети кайтып, көп сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал жаш өспүрүмдөр менен иштөөдө жакшы ийгиликтерге жеткени үчүн «Камкордук, коопсуздук, келечек» төш белгиси, «Милициянын отличниги», «Датка айым», «Азамат 2», «Азамат 3» наамдарына ээ болгон. Ошондой эле каарманыбыз жакшы ырдап, спорт менен машыгат.

«Жумушка жаңы киргенде жетекчилик жөнөткөн аймакта иштечүбүз. Азыр чындыгында мурдагыга салыштырмалуу бир топ эле жеңилдиктер бар десем болот. Жаштарга жакшы насаатчы болдук, жаштар бизди карап түзөлөт. Форманы кийгенден кийин баарына чыдап иштеш керек. Мен жаштарга айтаар элем, баары өз убагы менен болот. Болгону чыдап, ак ниет менен иштесең, анын акыбети эки эсе кайтат», - деди ал.

Погончон айым убактысын туура бөлүштүрүүгө аракет кылат. Бирок үй-бүлөгө көп көңүл бурулбай каларын жашырбайт.

«Үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бөлө албай каласың. Жумуштан чарчап барып, уктап калам. Бирок бардык нерсеге убакыт тапса болот деп ойлойм. Үй-бүлөлүүмүн, 1 уул жана 2 кызым бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1539
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×