Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.07.2018 08:11

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Урмат мүмкүнчүлүгү чектелген айылдаштары үчүн устакана ачты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 3-июлда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Үмүт үзүрү» аталышындагы кол өнөрчүлүк устаканасынын ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Айыл тургуну, демилгечи Урмат Советкелдиевдин айтымында, устакана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүп, аларга жумуш орундарын түзүү максатында ачылды. Устаканада булгаарыдан жана жыгачтан ар кандай буюмдарды жасоо жана сүрөт тартып, скульптура менен алектенүүгө шарт түзүлгөн. Учурда устаканага 5 адам келүүдө.

«Мен 12 жыл мурда жыгылып, белимде чурку пайда болгон. Андыктан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын жакшы түшүнөм. Бирок мен эки буту баспаса дагы жасаган иши жана эрктүүлүгү менен элге үлгү болуп, эмгегинен баар тапкан Рахатбек Үсөнкожоев агабыздын тагдырын көрүп, терең ойлондум. Мен дагы башка адамдарга жардам бергим келди. Буюрса бул устаканага Бишкектен чеберлер келип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сабақ өтүшмөкчү. Учурда биз алгачкы буюртма алдык», - деди ал.

Урмат Советкелдиев 2011-жылы Сүймөнкул Чокморов атындагы сүрөт көркөм искусство окуу жайынан булгаары менен көркөмдөп жасоо боюнча билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×