Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусуНарын району 03.07.2018 17:26

Айыл турмушу: Бир төөдөн 800 грамм сүт алган Кенжебай Мамыровдун мал чарбачылыгы (видео, фото)

Turmush -  Нарын районундагы Орто-Саз айылынын 40 жаштагы фермери Кенжебай Мамыровдун карамагындагы жети төө ата-бабаларынан калган мурас. Өз кезегинде анын ата-бабалары төө чарбасын жайылтышып, аларды жайлоо жана кыштоолорго көчүп-конууда унаа катары пайдаланышкан. Ошол эле учурда сүтүн да ичишкендиктен ден соолуктары бекем болуп, оору-сыркоо эмне экенин билишкен эмес. К.Мамыров менен аймактык кабарчы таанышты.

Төө сааганды кошо өздөштүргөн Кенжебай Мамыровдун айтымында, төөнүн сүтү айрыкча рак, кант диабети жана өпкө, боор ооруларына миңдин бири.

«Өзүм тууралуу айтып кетсем, бир үйдүн кичүү баласы болом. Төө сүтү менен дарылоо ишин быйыл эле баштап жатам. Баштаганыбызга аз эле болгондугуна карабай элдин суроо талабы көп болуп, "төөнүн сүтүн дарычылыкка сатыңыздар" деп Бишкектен бери келгендер болууда. Алардын алды 20 күн, арты 40 күн жатып ичип кеткендер болду. Келип-кетип ичкендер бар. Ал эми алыстан келип ичебиз дегендерге атайын тамды ылайыктап, шарттарды түзүп койгонбуз.

Төөлөр биздин жети атадан бери келе жаткан мал. Төөнүн сүтүн буга чейин саап көргөн эмеспиз. Төөлөр саалбай жүргөндүктөн, аларды 1,5 айдан бери саап көндүрүп алдык. Бир төөдөн күнүнө 300 граммдан 800 граммга чейин сүт алабыз. Атайын жем-чөп бербейбиз, эртең менен тоого чыгат, кайра айдап келебиз. Төөнүн сүтүнүн 1 литринин баасы эле 1000 сом. Буга чейин көп адамдар "дарычылыкка төөнүн сүтүн саап берсеңер болот эле" деп келишчү. Биз ага деле көңүл бөлчү эмеспиз. Азырынча 7 төө саап жатам, жакын арада дагы үчөө тууганы турат. Башка төөлөрдү Ак-Сай жайлоосуна ашырып жеткирип бергем. Дарыгерлер келишип, төөнүн сүтү рак, кант диабети жана өпкө ооруларына миңдин бири экендигин айтып кетишкен», - деди К.Мамыров.

Кенжебай Мамыровдун үйүнө дарыланууга Бишкек шаарынан келген 67 жаштагы Курманбек Акматов өзүн бир кыйла жакшы сезип калганын айтууда.

«Бул жерге келген кишилер көп экен. Өзүм дагы төөнүн сүтүн ичүүгө келдим. Төөнүн сүтү эле эмес, анын заарасы онкологиялык ооруларга даба экен. Төөнүн тайлагынын заарасын сүткө кошуп, 5 күн ичүүгө болот. Мен өзүм демигип, көп баса албай ооруканага көп жаттым. Убактылуу басылганы менен оорум кайра эле башталат. Төөнүн сүтү менен дарылануу үчүн атайын бул жерге келдим», - деди К.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×