Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарын облустук ооруканасы электрондук тейлөөгө өтүүгө даярданууда (фото)

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасы электрондук саламаттыкты сактоо базасына кирүүгө даярданып жатат.

Аталган оорукананын директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Анара Калманбетованын айтымында, учурда ооруканага 1 млн 900 миң сомго 60 компьютер, кагаз басып чыгаруучу жабдыктар (принтер) коюлуп, күчтүү интернет булагы орнотулду. Ал эми дарыгерлер менен медайымдар бул багытта окуп жатышат.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин иш планына ылайык системадагы реформалоо боюнча электрондук базага кирүүгө даярданып жатабыз. Электрондук саламаттыкты сактоо базасына кирүү үчүн ооруканада орчундуу иштер жүрүп жатат. Мисалы, ооруканада иштеген дарыгерлерге, медайымдарга компьютер менен окутуу жүргүзүлүүдө. Азыр бир гана модернизация этабын күтүп жатабыз. Октябрь айында электрондук системага өтөбүз деген ишенимдемин», - деди ал.

Адис оорукана 458 орундуу жана анда 18 клиникалык бөлүм бар экенин белгиледи. Анын айтымында, электрондук тейлөө маалыматты сактоого жеңилдик берет.

«Ар бир бейтаптын аты-жөнү базага кирет. Ал ооруканадан чыккандан кийин анын оору баяны жана башка толук маалыматтар базага түшүрүлөт. Экинчиден бейтаптын анализдеринин жыйынтыктары, алган дарылары да базада сакталат жаны аны оңдоого мүмкүн эмес. Электрондук тейлөө кызматкерлерди тактыкка үндөп, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө түрткү берет. Кагазга жазууга убакыт коротпой, көбүнчө бейтапка көңүл бөлүнөт», - А.Калманбетова.

Аталган ооруканада 70 дарыгер, 295 медайым жана 198 кенже кызматкер эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 713
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×