Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 03.07.2018 16:29

Нарындагы китепканада окуучулар үчүн боз үй тигилди (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын С.Орозбаков атындагы китепканасында боз үй тигилип, анда балдар жайкы эс алуусун өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты — балдарды китеп окууга үндөө.

«Кыргыз боз үйүнүн ичинен улуттук оюндарды ойнотуп, кыргыз жомокторун окутуп жатабыз. Бул иш-чара күзгө чейин уланат. Бул жактын өзгөчөлүгү — балдар өздөрүн эркин алып жүрүшөт. Бир күндө 10-15 бала келип жатат», - деди китепкананын балдар бөлүмүнүн китепканачысы Шайыр Сабыкеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×