Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 03.07.2018 16:11

Таласта «Чыңгыз Айтматов жана мамлекеттик тил» илимий конференциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 3-июлда «Манас Ордо» комплексинде «Чыңгыз Айтматов жана мамлекеттик тил» деген аталышта илимий конференция өттү. Бул тууралуу «Манас Ордо» комплексинин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин мугалимдери Калманбетов Манас, Акынбекова Айман, Б.Исаков жана башкалар катышты. Анда Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы, жазган чыгармалары туурасында сөз болуп, докладдар окулду. Ошондой эле жазуучунун калемине таандык китептер көргөзмөгө коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×