Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кылым сакталган тери, улуттук кийимдер жана тамак-аштын түрлөрү көргөзмөдө. Фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 3-июлда Ош шаарында Алай району менен Өзгөн районунун таланттары сармерденде күч сынашат. Анын алдында Алай району Ош улуттук драма театрынын алдына 2 боз үй тигип, көргөзмө уюштурду.

Райондун тургундары көргөзмөгө кылым бою сакталып келе жаткан 10дон ашуун жаныбардын терисин, айтылуу Арзыкан сулуунун колунан жаралган саймаларды, XVIII кылымдан бери сакталып келе жаткан зер буюмдарды, эркектердин 61 түрдүү кийимин, ал эми аялдарга таандык болгон баш кийимдин, улуттук кийимдердин 102 түрүн алып келишкен. Бул тууралуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнөн келген Чолпон Шамырбекова кабарчыга билдирди. Ал көргөзмөгө 10дон ашуун жаныбардын терилерин алып чыкты.

«Мен ак илбирстин, аюунун, сүлөөсүндүн, суусардын, түлкүнүн, карышкырдын эркеги менен ургаачысынын, коёндун, каш кулактын ийленген терилерин алып келдим. Булар мага чоң аталарымдан өтүп келген. Мындан сырткары бүгүн көргөзмөдө терини ашатып, ийлеп, кылымдар бою сактоонун жолдорун көрсөтүп беребиз. Ал эми супараларды да териден жасап, пайдаланабыз. Мен ушул күнгө чейин кайненем жасап берген супараны пайдаланып келем. Териден жасалган супарада ун азыгы канча убакыт турса да сапаты бузулбай, курттабайт. Ал эми териден жасалган чаначта кымыз ачыбай сакталат. Кол чаначка болсо ата-бабаларыбыз жолго чыкканда кымыз, айран куюп алышкан», - деди Ч.Шамырбекова.

Ал эми терини атайын ак бордун жардамында өңүнө чыгара турганын Акзыйнат Өмүрова айтты.

«Мындай тери көп жылга сакталат. Териге өң берүү (өңдөө) — бул терини ийлеп, майларынан арылтып, бир түскө алып келүү. Өңдөлбөгөн тери 2 жылда жыртылып баштайт. Адатта жапайы жаныбарлардын териси катуу болот. Аларды ийлеп, өңгө келтирүүгө көп убакыт талап кылынат.

Алгач атайын тоолордон бор таштарды алып келип, оттун чогуна бышырабыз. Бышырылган бор ташты майдалап алабыз. Андан соң терини ийлеп, ак бордун күкүмүн себебиз. Даяр болгон терилерден ар кандай тондор жасалат», - деди А.Өмүрова.

Ал эми Корул айыл өкмөтү эл арасында сакталып келген зер буюмдарды алып келишкен.

«Биз көргөзмөгө элде 2-3 кылымдан бери сакталып келе жаткан чачпактарды, жез буюмдарды чогултуп алып келдик. Илгерки буюмдар ушул күнгө чейин атадан балага өтүп сакталып келе жатат», - деди Минавар Сыдыкова.

Көргөзмөгө жалпы 30дан ашуун сайманын түрлөрү алынып келген. Алардын ичиндеги «Арзыкан сулуунун саймасы» ушул күнгө чейин сакталып келгенин Зина Абдыкадырова кошумчалады.

«Кабылан-Көл айыл өкмөтү унутта калып бара жаткан саймаларды алып келдик. Биздин айылда акындар ырдап чыккан Арзыкан сулуу жашаган. Арзыкан сулуунун колунан жаралган сайманы дагы бүгүнкү көргөзмөгө алып келдик. Мындан сырткары энелерибиздин колунан жаралган XVII кылымга таандык баштыктарды көргөзмөгө койгонбуз», - деди З.Абдыкадырова.

Ошондой эле көргөзмөдө улуттук суусундуктардын, тамак-аштын түрлөрү, жыгач усталардын кооз эмгектери бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 979
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×