Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

«Ээй, кандай зор күчкө мамам өзү тартылат»: Ырчы Э.Муратжанов спорт менен машыгып, куруучулукту өздөштүрдү (видео, фото)

Turmush -  Балалыгы Жумгалдын Куйручук айылында өткөн көп кырдуу талант ээси Эрлан Муратжанов чыгармачылыктан тышкары спорттун бокс түрү менен машыгат. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Эрлан 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу. Атасы Муратжан Мухаммеджанов 1964-жылы Жети-Өгүздө туулган, апасы Назира Байгараева 1966-жылы Жумгалдын Куйручук айылында жарык дүйнөгө келген. Апасы кесиби боюнча дарыгер. Мурда медицина тармагында бир аз иштеп, учурда жеке ишкерлик менен алектенип, Казакстандын Алматы шаарына барып турат.

«Атамдын чыгармачылыкка шыгы бар болчу. Ал жаш кезинде музыкалык аспаптарда ойночу, көбүнчө барабанда ойноор эле. Тилекке каршы, атам 4 жыл мурун каза болгон. Мага талант атам тарабынан келсе керек.

Мен 1997-жылы Куйручук айылындагы Аблас Сулайманов атындагы орто мектебине кирип, аны 2009-жылы аяктагам. Андан соң Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык колледжине тапшырып, аны 2012-жылы бүтүрдүм. Андан кийин №91 кесиптик лицейде ашпозчу кесибин үйрөнүп баштап, бирок аяктаган эмесмин. Кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин туризм жана жаратылышты коргоо факультетинде билим алып, бирок аны да аяктабай калгам.

Учурда жан дүйнөмдү ырга арнап салгам. Азыр 3 клибим бар. Биринчи жолу сахнага 2010-жылдары чыккам. Таланттуу ырчы, өнөрлүү Жакут Сыдыков менен таанышып, ушул агам сахнага жол ачкан десем да болот. Ырчылык — менин кесибим, жан дүйнөм, жашоом», - деди Э.Муратжанов.

Ысык-Көлдүн кулуну болгон Эрландын балалык кези тай жактарында Жумгал өрөөнүндө өтүп, Соң-Көл жайлоосунда мал баккан.

«Бала кезде күнүгө жолго чыгып, шыпыргыны колго кармап "Ээй, кандай зор күчкө мамам өзү тартылат" деп ырдачу экенмин. Учурда чыгармачылыктан тышкары спорт менен машыгам. Ошондой эле евро курулуштарды жакшы өздөштүргөм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1300
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×