Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Патент Бишкек жана Ош шаарларында интернет аркылуу сатыла баштады

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул аракет ыктыярдуу жана милдеттүү патенттерди алуу процессин ыңгайлаштырат, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Эми Бишкек жана Ош шаарларындагы салык төлөөчүлөр интернет аркылуу каалаган убакытта патент сатып алса болот. Анын акысын терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Долбоор бир катар ыңгайлуу шарттарды түзүп, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы байланышты кыскартып, коррупцияга жол тосууга мүмкүнчүлүк болот. Ал эми 2018-жылдын 1-августунан тарта өлкөнүн башка аймактарындагы ишкерлер да салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишмердигин ишке ашырууга патент сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×