Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 03.07.2018 09:58 Жаңыланды: 03.07.2018 16:38 На русском

Видео — Тажикстандагы кыргыздардын жайлоодогу турмушу: Жума сайын жолугушуп, дойранын коштоосунда ырдашат

Turmush -  Тажикстандагы Лахш (Жерге-Тал) районунун Кашка-Терек айылынан орун алган этникалык кыргыздар учурда Кызыл-Бел жайлоосунда тиричилиги менен алек. Аталган айылда чоңоюп, 5 жылдан бери Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан Жамшед Худайкулов айылына болгон сапарында Кызыл-Бел жайлоосундагы туугандары менен учурашып, алардын жашоосун видеотасмага тартып келген.

Бул жайлоодо 20дан ашуун үй-бүлөнүн жайкы жашоосу өтөт деп сөзүн баштады Ж.Худайкулов.

«Айланасын анча бийик эмес тоолор курчаган жайлоонун табияты адамга кубат тартуулайт. Тээ алыскы кырка тоолор айлананы туңгуякка бөлөгөн туманга тушалып, араңдан көрүнүп тургансыйт. Айрыкча төрт мезгилдин жаз айларында табияттын кооздугу ансайын көздүн жоосун алат. Туманга чулганган кырка тоолорго катар уланган тоолордун чокусуна эзели чөп баш бакбаган. Ага улай катар тизилген тоолор күндөн тапталган денесинин табын жайлоого чачкансыйт. Андан төмөн көздөй аккан суу жайлоодогулардын боз үйүнүн жанынан өтүп, жайлоодогу аруулукту ого бетер даңазалагансыйт. Мына ушундай көркөм табияттын кучагындагы адамдардын жашоосу эзелки көчмөн калктын жашоо образын туюнтуп турат», - деди ал.

ЛАХШ

Жергиликтүүлөр жайлоодо мал чарбасы менен алектенишет.

«Кызыл-Бел жайлоосуна Кашка-Терек айылынан 20дан ашуун адам жаз айында көчүп чыгат. Жайлоодогу калктын негизги чарбасы мал чарбасы болуп саналат. Ар бир үй-бүлөдө 10дон ашуун саан уйлар бар. Жергиликтүүлөр жайлоодо уйлардын сүтүнөн быштак, курут, чөбөгө, май жана башкаларды жасашат. Айрыкча алар курут жасап, аны базарга сатышат. Базардын алыстыгы айылдан 10 мүнөттүк жол», - деп кошумчалады Жамшед.

Алар малдан башка майда жандыктарды да багышат, бирок аз санда гана. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 1-2 баш жылкы бар. Адатта жылкылар кышка чейин талаада жүрүшөт.

Ошондой эле жайлоодогулар жума сайын бири-бирин конокко чакырып турушат.

«Жайлоого чыккандар сүттөн ар кандай тамактарды жасап, жума сайын бири-бирин конокко чакырышат. Ал эми коноктор сөзсүз дойранын коштоосунда ыр ырдашат. Жергиликтүүлөрдүн диалектиси Баткен диалектисине окшош», - деди ал.

Дойра аспабын чертип жатат (ортодо)

Дойра аспабы

Дойра — Өзбекстан менен Тажикстанда кеңири колдонулган музыкалык урма аспап (тегерек формада). Орустардын бубени менен казактардын домбрасына окшоштурулган бул аспап ансамблдерде, оркестерлерде жана эл арасында кеңири пайдалынат.

Дойраны пайдаланууга чейин күнгө же оттун табына жылытып, андан чыккан үндүн тунук болушуна кам көрүшөт. Ал эми музыкалык аспаптан үн чыгаруу үчүн эки колдун 4 манжасы иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×