Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.07.2018 09:00 На русском

Айыл турмушу: Ак-талаалык фермер К.Абышбаев 9 топоздун санын 200гө жеткирип, букаларын союп сатууда (видео, маек)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы фермер Качкынбек Абышбаев Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон бери «Рус-Нур» айыл чарба бирикмесин түзүп, мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барууда. Аймактык кабарчы аны менен маектешти.

- Качкынбек Мааметович кайсы мезгилде топоз багууну колго алдыңыз?

- Союз тарап эгемендүү өлкө болгондон кийин ар кимибиз өз алдынча иш кылууга өтпөдүкпү. Ошол союз тарагандан баштап топоз багууну ойлоно баштадым. Ошол себептен «Рус-Нур» айыл чарба бирикмесин түзүп, алгач 9 топозду жылкыга алмашып келип, аны көбөйтүүнү колго алдык. Тоо малы топоз деп коёт. Себеби топоз багуунун артыкчылыгы тоют камдабайсың, жылуу короо-сарайдын зарылчылыгы жок. Болгону малчың чынчыл, эмгекчил болсо болду. Ар кандай адилетсиз адамдардан, уурулардан кудай сактаса эле көбөйө берген мал экен. 9 топозду асырап, төлүн алып отуруп азыр саны 200гө чукулдап калды.

- Айыл чарба бирикмесин түздүк деп жатасыз. Ушул айыл чарба бирикмеңизде топоз багуудан сырткары дагы кандай иштерди аркалап жатасыз?

- Бул кооперативдин негизги максаты – айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү, асыл-тукум малды көбөйтүү жана тектүү үрөндөрдү өстүрүп, дыйкандарга жайылтуу. Ушул максатта иш кылып жатабыз. Мында эт багытындагы койлор, асыл-тукум жылкылар дагы камтылган. Кирешеси кудайга шүгүр.

- Учурда базар экономикасы күчөп турган мезгил. Кызыкканым топоздоруңуз канча килограммга чейин эт берет? Сатуу жагы кандай болууда?

- 200 топоздун 70%ы ургаачы. Башкача айтканда тубар мал. Булар кунан жашынан баштап уруктандыруудан өтүп, төлдөп баштайт. 100 топоз 60 мамалак берет. 60 мамалактын 30 башы эркек болот. Ошол 30 баш эркек топоздун 10 башын букалыкка алып калып, калган 20 башын союп, базарга алып чыгам. Алар 150 кг 300 кг чейин эт берет. Эркек топоздор эттүү болот. Айрым фирмалар буйрутма беришет. Баасы болсо базар баасына жараша болот. Башкача айтканда койдун эти 350 сом болсо, топоздун этин 300 сомдон берип жатам. Согум учуру болгондуктан өзгөчө ноябрь, декабрь айларында көп сурашат. Сойчусун союп беребиз, сойбогонун тирүүлөй беребиз. Топоз — бул жылкы сыяктуу. Жылдын март айынан июнь айына чейин төлдөйт. Мезгилге жараша тоодо ак кар, көк музда жүрөт. Алдыда дагы бир катар пландарым бар. Жайыт кенен, 200 эмес 500 топоз асыроону максат кылуудабыз.

- Эт багытындагы кой багууну дагы колго алгам деп жатасыз. Ушул боюнча кеп төркүнүн улай кетсеңиз.

- Бул жерди Кара-Таш кыштоосу деп коет. Бул жерге тубар койлорду багып, Чоң-Кара-Таш кыштоосуна дагы субай койлорду багып, койдун башын 1 миңге чейин көбөйттүк. Жакынкы аралыкта малчым алыскы Арпа жайлоосуна көчүүгө даярданып жатат. Чындыгында кой баласынын киреше бериши кыйын болуп калды. Себеби мурдагы кыргыздын тоолук уяң жүндүү койлорун жоготуп алдык. Тянь-Шань тукумундагы жарым уяң жүндүү койлорду дагы кыскартып алдык. Азыр толук кара жүндүү койго өтүп кеттик. Кара кой болгону 2 кг жүн берет. Быйыл кара койдун жүнүнүн баасы 10 сом болду. Ал эми кыркынчылар 1 койду 40 сомдон кыркышты. Ошондо ар бир койду кырктырганга зыян тартасың. Булар эт багытында болгондуктан гана пайдалуу. Ошондуктан уяң жүндүү койлорго өтсөк жакшы болот эле. Кой асырабаган кыргыз кыргыз болбой калат. Учурда 700 коюм бар.

- Асыл тукум жылкыларды багууну жана көбөйтүүнү дагы колго алып баштаганыңызды билебиз. Ушул боюнча айтсаңыз?

- Ысык-Көлдөн, Чүйдөн таза кандуу жылкыларды алып келүүнү дагы колго алып жатам. Бирок азырынча таза кандуу жылкыларды эч ким сата элек болгондуктан жарым таза кандуу жылкыларды алып келип, ар кандай оюн-зоок, мааракелерде байгеге салып, алдыңкы орундарды камсыздап келе жатабыз.

- Айыл чарба бирикмеңизде канча адам жумуш орду менен камсыз болгон?

- Топозчум үй-бүлөсү менен, койчум үй-бүлөсү менен иштейт. Ошондой жылкычым, сугатчым үрөн чарбада иштеген жумушчуларымды үй-бүлөсү менен эсептегенде 30-35 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Бардыгы өз ишин мыкты билген адистер. Негизи жумушчуң тың болбосо ишиң жүрүшпөйт. Эмгек акылары ар кандай. Мисалы койчум ар бир койдун башына 40 сомдон каражат алат. Эсептей келгенде 28 миң сом болот. Ар бири өзүнүн ишине, кылган эмгегине жараша акысын алат.

- Качкын Мааметович маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
1
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×