Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Айыл турмушу: Дарыгер Ы.Күсөрмамбетованын медицина тармагына келишине апасынын оорусу түрткү болгон (фото)

Turmush -  30 жыл медицина тармагына салым кошуп, элдин саламаттыгына кам көрүп келген Ырыскүл Күсөрмамбетова менен аймактык кабарчы таанышты.

Ырыскүл Күсөрмамбетова 1973-жылы 21-февралда Ак-Талаа районуна караштуу Муса Баетов айылында төрөлүп өскөн. Анын айтымында, медициналык институтта билим алышына апасынын ден соолугу себеп болгон. Учурда ал Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүндө башкы дарыгер болуп эмгектенет.

«Мен бул кесипти кичинекей кезимде эле самачумун. Апам акыл-эсин жоготуп ооруп калчу, бетине суу чачып, кол-бутун кармап калчубуз. Ошондо адамдарга жардам берсем деп эңсечүмүн. Мектепте окуп жүргөндө эле биология, химия сабактары боюнча кошумча ийримдерге катышып даярданып жүрдүм. Мектепти эң жакшы бүтүп, андан кийин 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, клиникалык ординатурада 2 жыл тажрыйба алдым. Медициналык институтта окуп жүргөндө И.Ахунбаев клиникасында кенже кызматкер болуп 4 жыл иштедим, андан кийин сыныктар бөлүмүнө медайым кылып которушту. Ал жактан кесибиме пайдалуу бейтаптарга туура мамиле жасоодон баштап көп ишти үйрөнө алдым.

Окууну бүткөндө 2001-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Нарын шаарына келдим. Бул жакта терапевт адистигине орун жок болгондуктан, тез жардам бөлүмүндө иштеп калдым, азыр да иштейм. 2003-2009-жылдары жарым ставка менен кардиология бөлүмүндө иштедим. 2010-жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ардагерлер бөлүмүнө бөлүм башчы болуп орноштум, ошондон бери иштеп келем», - деди ал.

Ырыскүл Күсөрмамбетова: «Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, жолдошум бар, 3 балалуу болдук. Апам баатыр эне, өзүм 11 бир тууганмын, мен үчүнчүсүмүн. Бизди ата-энебиз жакшы тарбиялаган, алар бизди алдабоого, бирөөгө жамандык жасабоого, боорукерликке үйрөткөн. Мен бул дүйнөдө бактылуумун, үй-бүлөм, бир туугандарым, ата-энем бар экендигине абдан кубанам.

Медицина — бул менимче жарандардын саламаттыгын сактоо, оорунун алдын алуу, аларга кам көрүүнүн топтому. Бул менин жашоом десем болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1828
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×